Улупамир
Улуу Памир (Улупамир, туркчо Ulupamir) ― Түркияда Ван областында Эржиш районундагы кыргыз айылы.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ооганстандагы согуштан качкан кээ бир кыргыздар 1982 жылы Түркиянин Ван областына барышат. Түркиягa көчүп келген кыргыздар, Кыргызстан жана Ооганстан четтеринин арасындагы Памир жайлоосунда жашаган жана Түркияга келгенден кийин жашаган жерлерин эстеп, үрп-адаттары менен жашоо үчүн жана айылдын атыны Улупамир деп атаган. Түркия Жумурийатынын өкмөтү макул болуп Улупамир айылы деп аталган.
Маданияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]үрп-адаты жалпысынан байыркы түрктөр менен бирдей. Меймандос эл болуп, тойлары көп түстү жана көркөмдүү. Ар жыл Маданияттык Шөлөндөр өтөт. Жылдын 6.нчы айында түзөлгөн шөлөндө айылдын кийимдери,тамактары, айылдын тарыхы жана жашоо акыбалы сөйлөнүшөт.
Тамактар; Беш-бармак жана манты, Ооган плову, эт менен жасалган нан, эт менен жасалган баштак (пейнир)ты прог (бөрек) түрлөрү Улупамир кыргыз элинин улуттук тамактары.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ван шаарына 130 км, Эржиш шаарына 30 км аралыкта.
Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айыл калкы дыйканчылык жана мал чарбасында иштейт.
Айыл башкармасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ар 5 жыл сайын шайлоо менен айыл башчысы дайындалат. Шайланган айыл башчылары:
Кошумча маалымат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мектеби бар. Орто эсеп менен алганда 600-700 окуучу окуйт. Лицей жана жогорку окуу жайы жок. Бул себептен айылдын жаштары шаарда интернат мектептерге барып окуйт.
Почта, телефон жана телеграф станциясы жок. Айылга асфальт жолу менен барууга болот. Электркубат жана телефон байланышы бар.
Айылдын суусу төбөдөн келген булактан болуп башкарма карайт.
Улупамир айылы "Памир-Дер" атында коому бар.
Шилтемелер:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Арслан Койчиев. Ван аймагында жашаган кыргыздардын турмушу (фотобаян)
- Улупамир видео
- жердилүктүү-нет
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|