Улуттук дүң продукция

Википедия дан

Улуттук дүң продукция(УДП) – экономикада бир жыл ичинде өндүрүлгөн өнүмдүн жана көрсөтүлгөн тейлоо қызматтарынын жалпы базар баасы. Қырғызча «улуттуқ дүң жыйым» деген да термин қолдолунуп жүрөт.

УДПны чығымдарға ылайық эсептөөнүн жолу: УДП = C + I + G + Xn

C - жеке керектөөгө жумшалған чығымдар. Аға ар бир үй-бүлөнүн узақ мөөнөт қызмат қылчу заттарды(турақ-жай, автомобиль, муздатқыч, телевизор, фотоапарат ж.б.у.с.), қысқа мөөнөттүк керектөөгө же күнүмдүк тиричиликке керек товарларды (нан, туз, сүт, ширенке, кийим-кече ж.б.у.с.), ошондой эле оюн-зооққо, даарыгердин, адвокаттын, чачтарачтын қызматтарына сарпталған қаражаттар.

I - менчик ички дүң инвестиция. Буға үч компоненттен утар: 1) Ишқана техникалық жабдууларды сатып алғанға жумшаған чығымдар; 2) Қурулуш; 3)Қордоғу өзгөрүүлөр. Менчик ички дүң инвестицияға эскирген жабдуулар менен имаратты (капиталды) қалыбына келтирүүгө арнап бөлүнгөн қаражат жана жаңы инвестиция да кирет.

G - мамлекет сатып алған товарлар менен қызматтар. Бул ишқананын даяр өнүмүнө кеткен жана мамлекет ресурстарды, ошондой эле жумуш күчүн сатып алууға жумшаған қаражат. Аға бироқ өкмөт тарабынан қоторулған төлөмдөр қошулбайт. Анткени ал қаражат өндүрүштүн чығымды чағылдырбайт.

Xn – таза экспорт. Бул сыртқа сатылған же экспорттолғон товарлар менен өлкөгө сырттан алып келинген (импорттолғон) товарлардын айрымасы. Импорт экспорттон чоң учур бүгүнкү Қырғызстанға, АҚШға мүнөздүү көрүнүш болсо, Қытай үчүн импорт экспорттон алда қанча аз.

Ошентип, УДП = С + I + G +Xn