Улуттук компьютердик гимназия

Википедия дан

Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназия Бишкек шаары боюнча жалгыз улуттук мектеп.

Революцияга чейинки Кыргызстандын территориясында 107 мектеп болгон, ал мектептерде 7 миӊден ашык окуучулар окушкан. Ал эми 1925-1926-окуу жылында мектептердин саны 484тү түзүп, анда 35 миӊ окуучу окуган.
Республикада улуттук мектептердин алгачкыларынан болуп 1926-жылы сентябрь айында Фрунзе шаарында кыргыз башталгыч мектеби бар болгону 67 окуучу жана 6 педагог болгон. Бул башталгыч мектептин биринчи директору Б.Койчуманов, ал эми мугалимдери К.Каримов, Д.Көкүмөв, А.Ровнягина, О.Жүндүбаев, Н.Шамгунова жана башкалар болушкан. Мектеп Москва жана Герцен көчөлөрүнүн кесилишинде кичине имаратта жайгашкан. Класстык эки бөлмөсү болгон.
Ал эми 1932-1933-окуу жылында кыргыз башталгыч мектеби № 5 кыргыз жети жылдык болуп кайра уюшулган.
1936-жылы №5 кыргыз мектебинде биринчи жолу 8-класс ачылып, жети жылдык мектептерди бүтүрүшкөн 30 окуучу, анын ичинен Кыргызстандын ар түрдүү районунан келген окуучулар кабыл алынган.
1936-1937-окуу жылында мектеп алдында республикада биринчи болуп интернат уюштурулган, интернатта жашагандар мамлекет тарабынан толук камсыз кылынган. 1938-жылы Токтогул көчөсүндөгү эки кабаттуу жаӊы имарат интернат үчүн берилген. Интернаттын башчысы болуп Акзамов Нажим Шингазович дайындалат.
1936-жылы №5 кыргыз орто мектебин 10-класстын 17 окуучу бүтүрүп чыгышкан. Булар кыргыз советтик орто мектебин биринчи жолу бүтүрүп күбөлүк алган кыргыз уландары менен кыздары эле.
Согуштан кийинки мезгилде №5 кыргыз орто мектебинин коллективи элге билим берүү кызматкерлеринин алдында өкмөт менен партиянын тарабынан коюлган жаӊы милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча иштей башташат.
10-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны республиканын ар кандай райондорунан келип киргенине байлыныштуу окуучулардын саны, арта берген. Эгерде 1945-жылы мектепти 25 окуучу бүтүргөн болсо, 1964-1965 окуу жылында 119 окуучу бүтүрүп чыгат, ал эми 1975-1976-окуу жылында бүтүрүчүүлөрдүн саны 149 жетет. 2010-2011-окуу жылында бүтүрүүчүлөрдүн саны 123 жеткен.
1966-жылы №5 кыргыз орто мектебинин 40 жылдык юбилейи салтанаттуу белгиленди. 2006-жылы Улуттук компьютердик гимназияга 80 жыл толгон. Заманыбыздын залкар жазуучусу Айтматов Чыӊгыз Төрөкулович мектептин ардактуу мейманы болуп кеткен.
Азыркы учурда мектеп Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Көптөгөн окуучулар Кыргызстандын булуӊ-бурчунан келип билим алып жатышат, андан сырткары мектепте көптөгөн уюмдар түзүлгөн. Алардын бири “Келечек” уюму, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”. Бул уюмдардагы окуучулар мугалимдерге, окуучуларга жардам берип, өздөрүнүн ишин жакшы аткарууда. Андан тышкары мектепте “Тамашоу” долбооруна катышуучу: “УКГ №5”, “Шоктор” , “Хакер”, “Windows №5” жана жаӊы чыгып келе жаткан “Жылдыздар” аттуу командалар мектептин намысын коргоп келе жатышат.

Мектеп 2009-жылдан бери көптөгөн долбоорлор менен иштеп келе жатат. Мисалы: Flex, Irex, PashNet жана башкалар. PashNet долбоору боюнча ондогон окуучулар Германияда болуп кайтышты. Flex долбоору боюнча Бактыбек уулу Бакай АКШдан билим алып келди. IREX боюнча мектепте көптөгөн алгылыктуу иштер жүрүп жатат.

Мектеп жетекчилери жөнүндө маалымат
№5 мектеп түзүлгөндөн бери иштеген директорлор

1.Койчуманов Бектурган. Мектептин негиздөөчүлөрүнүн бири. 1925-жылы Москвадагы бүткүл союздук мугалимдердин съездине катышып, Н.К.Крупская менен жолугушкан. 1926-32-жылдарда директор болгон.
2.Каримов Кадыр 1932-38-жылдар. Ленин ордени, бир нече өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланган «Эмгек сиңирген мугалим» деген наамдын ээси.
3.Михаил А.Рудаков эл агартуунун отличниги, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген мугалими, Ленин орденинин, ардак белгиси орденинин бир нече жолку кавалери. 1938-жылы директор болуп иштеген.
4.Токторов Газиз 1938-39-жылдар. Педагогика илимдеринин кандидаты.
5.Термечиков Карим 1940-41-жылдар. 1941-жылы согушка кетип, Панфилов дивизиясында согушуп, Москванын алдында курман болгон.
6.Нанаев Касымкул 1942-48-жылдар. 1942-жылы согушка кетип, 1946-жылы кайра келген. Согуштук сыйлыктары бар.
7.Кудаймендиев Убайдылда 1948-50-жылдар. Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны. Эки жолу Кызыл Жылдыз ордени, Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордендери менен сыйланган.
8.Юсупов Сүйүндүк 1950-51-жылдар. Тарых илимдеринин кандидаты.
9.Алжаңбаев Мырзакмат 1951-52-жылдар. Ардак белгиси ордени жана бир канча медалдардын ээси. Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген мугалими.
10.Өзбеков Сатар 1952-56-жылдар. Тарых илимдеринин кандидаты.
11.Мүсүралиев Турсунбек 1956-57-жылдар. Илимдин кандидаты, доцент. Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген мугалими.
12.Чечейбаев Суракмат 1957-61-жылдар. Илимдин кондидаты,доцент.
13.Козубаева Бүбүкан 1961-63-жылдар.
14.Иманкулова Качкын 1963-69-жылдар.
15.Кутманалиева Сагын 1969-73-жылдар.
16.Ниязов Абзалбек 1973-80-жылдар. КР эмгек сиңирген отличниги, Ардак белгиси ордени, бир нече медалдар, грамоталар менен сыйланган.
17.Раимкулов Асан 1981-83-жылдар.
18.Арымкулова Нагима 1983-88-жылдар. Ардак Белгиси ордени, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССРнин Эл агартуу отличниги.
19.Токтогулов Асылбек 1988-90-жылдар. Илимдин кандидаты.
20.Кубаталиев Турдубек 1990-2006-жылдар. КР Эл агартуусунун отличниги.
21.Музаева Эльнура 2006-2011-жылдан. Эл агартуунун отличниги.
22.Байсеркеев Аскар 2011-2012-жылдары.
23. Жумалиев Мурат Сражидинович 2012-жылдан бери мектеп директору.