Улут маселеси

Википедия дан

Улут маселеси — улуттар, элдер ортосунда, мамлекет ичинде жана мамлекеттер аралык байланышуу процессинде келип чыккан саясий, экономикалык, укуктук, идеологиялык ж.б. маселелердин жыйындысы.

Улут маселесинин тарыхый келип чыгышы жана эволюциясы улуттук тецсиздик мамилелерин улуттарды артыкчьшыктуу жана толук укуксуз үстөмдүк кылуучу жана эзилүүчү кылып бөлүнүүнү чагылдырган. Түрдүү улуттардын экономикалык жана маданий өнүгүүсүнүн тең эместиги өнүккөн, ири улуттардын жаш алсыз улуттарды жана элдерди эзүүгө карата умтулуусу улуттук келишпестик, шектенүүчүлүк, кастык атмосферасынын пайда болушуна алып келген.

Улут маселесинин ар бир элемента татаалданышынын, курчушунун түрдүү даражасына, келип чыгуунун түрдүү масштабына ээ. Кээде биринчи планда саясий улуттук маселелер болсо, башка учурларда - экономика боюнча суроолор биринчиликке чыгат. Улут маселеси ар дайым татал же бул өлкөнүн өнүгүүсүндөгу берилген этаптагы улуттук проблематиканын өзгөчөлүгү менен шартталган конкреттүү - тарыхый мазмунга ээ.

Бир маселенин чечилиши менен улуттардын өнүгүүсүндөгү жогорулаган деңгээл, жаңы шарттар менен аныкталган, кээде андан да татаал маселелер келип чыгат. Ошондуктан Улут маселеси менен анын бардык аспектилеринде жана ченемдеринде толук жана биротоло чечүү мүмкүн эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8