Улуу-Кулжа

Википедия дан

Улуу-Кулжа "Манас" эпосундагы топоним. Бокмурун атасы Көкөтөйдүн ашын өткөрүү үчүн жер тандап:

Мен о жерден көчөмүн.

Бакты-Курай басамын,

Кушмурун тоосун ашамын,

Улуу-Кулжа чатынан,

Кичи-Кулжа башынын

Ортосуна кономун... (Радлов жазып алган вариант, 147), — дейт.

Географиялык реалияда Синьңзяндагы ири шаар жайгашкан өрөөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4