Улуу Кытай дубалы

Wikipedia дан
(Улуу Кытай сепили барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search
Улуу Кытай дубалы

Улуу Кытай дубалы — Түндүк Кытайдагы чеп-дубал, байыркы Кытайдагы курулуш өнөрүнүн залкар эстелиги.

Улуу Кытай дубалынын 1-бөлүгү б. з. ч. 4-3-кылымда курулган. Кытай бириккенден кийин император Цинь Шихуанди өлкөнүн түндүк-батыш чек арасын көчмөн элдердин тынымсыз кол салышынан коргоо үчүн туташ дубал курууга буйрук берген. Улуу Кытай дубалы бир нече ирет оңдолуп, узак убакыт курулган. Ал чыгыштан батышка карай Ляодун булуңундагы Шань-хайгуань шаарынан Цзяюйгуань (Ганьсу провинциясы) кыштагына чейин созулат, бийиктиги 6,8 м, айрым жерлери 16 жге чейин, жазылыгы төмөнкү бөлүгүндө 7 м, жогорку жагында 5,6 м, түп жагыныкы 6,5 м. Дубалдын көп жеринде сакчылар үчүн мунаралар, казематтар, тоолордогу мерчемдүү белдерге чептер курулган. Улуу Кытай дубалынын көп бөлүгү сакталып калган. Жалпы узундугу 6250 кмди түзөт, анын бир жагы Пекиндин жанынан өтөт. Бул курулма Хань династиясынын мезгилинде (б. з. ч. 220-206) кеңейтилип, бекемделген. 1984-ж. Дэн Сяопиндин демилгеси менен Улуу Кытай дубалын оңдоо программасы кабыл алынган Улуу Кытай дубалы кытайлык улуу тарыхый эстелик катары 1987-ж. Бүткүл дүйнөлүк журастын тизмесине киргизилген. Жыл сайын бул жерге 40 млндой турист келет.

Жер жүзүндөгү сегиз кереметтин бири катары эсептелген бул дубал Түндүк Кытайда жайгашкан. Улуу дубалды кытайлар «Ван ли чан чен» же бизче «Он миң лиден ашкан дубал» деп аташкан. Кытайлардын бир “лиси” бизче 576 метрге барабар. Ал эми соңку эсептөөлөр боюнча анын жалпы узундугу орто эсеп менен 6350 чакырым. Бийиктиги орточо эсеп менен 6,6 метр, айрым жерлерде 10 метрге чейин жетет. Туурасы түп жагынан 6,5 метр кенендикте башталып, үстү 5,5 метрге чейин кууш тартып кетет. Үстүндө эки ат араба катар жүрө алат десек болот. Адамзат колу менен курулган дубалдардан бир гана ушул дубал космостон даана көрүнөт.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул архитектуралык эстеликтин курулушу б.з.ч. 3-кылымда же император Цинь Шихуанди (Цинь династиясы) башкарып турган мезгилде башталган. Бул мезгилди тарыхчылар «Согушчул мамлекеттер доору» (б.з.ч. 475-221-жж.) деп да аташат. Уламыштарга караганда, кытай ордосунун көзү ачыгы: «Чыгыштагы көчмөндөр империяны жок кылат» деген кабар айтыптыр. Муну уккан император Цинь чыгыштан кол салып турган көчмөндөрдөн коргонуш үчүн жана көчмөн жашоо образын Ортолук империяга киргизбөө максатында тез арада чеп курууга буйрук берет.

Дубалды куруу иши 2100 жылга созулган. Анын курулушуна ошол мезгилдеги өлкө элинин бештен бир бөлүгү, тагыраак айтканда, бир миллионго чукул жоокер, жумушчулар, кулдар, дыйкандар жана согуш туткундары түзгөн. Алар күн-түн дебей жер казып, килтейген таштар менен кирпичтерди кынап, айтор, кордук менен иштеп жүрүп, көбү өз үйлөрүнө кайтпай калышкан. Айрым маалыматтарга таянсак, иштин оордугунан, ооруга чалдыгуудан, тамак-аш жетишсиз болгондуктан, алсыздануудан жана башка көптөгөн себептерден улам 500 миңге чамалуу адам өлгөн.

Бирок, дубал да, каардуу башкаруу да Цинь династиясын коргоп кала албаган. Анткени, биринчи кытай императору Цинь көз жумган соң көп өтпөй империясы да кошо кулаган.

Кийинчерээк Цинь династиясынын ордунда Хань династиясы түптөлүп, анын тушунда (б.з.ч. 206-жылдан б.з. 220-жылына чейин) дубалды батышка карай Дуньхуан аймагына чейин кеңейтишкен. Мындан сырткары, көчмөндөр­дүн кол салуусунан соода кербендерин коргоо максатында Күзөт мунараларын орнотушкан. Мына ушул Хань доорунда гана кытайлар толук кандуу бир бүтүн эл катары калыптана башташкан жана азыр да өздөрүн Хань династиясынын тукумдарыбыз деп аташат.

Ал эми дубалдын бизге жеткен бөлүгү негизинен Мин династиясынын (1368-1644 жж.) тушунда курулган. Бул доордо курулуш каражаты катары бышкан кирпичти колдонгондуктан, дубал бүгүнкү күнгө жеткен дешет. Акыркы Цин императордук династиясы да (1644-1911 жж.) дубалга өтө аярлык менен мамиле кылган. Антсе да үч кылым аралыгында мезгилдин жана табияттын таасири дубалды бүлүндүрүп, бир гана Пекинге жакын жердеги анча чоң эмес бөлүгү толук аман калган. Бул бөлүк Кытайдын борборун коргогон дарбаза катары кызмат аткарып келген.

Бүгүнкү күндө[оңдоо | булагын оңдоо]

Бүгүн Улуу Кытай дубалы – бүтүндөй жер шаарындагы туристтерди өзүнө тарткан өзгөчө жай. «Дубалдын тарыхы – бул Кытай тарыхынын жарымы, андыктан, дубалды көрбөй туруп Кытайды түшүнүүгө мүмкүн эмес» дешет жергиликтүү элдер. Окумуштуулардын айтымы боюнча, эгер Цинь, Хань, Мин доорлорундагы жана андан берки курулушка кеткен каражаттарды топтоп, Улуу Кытай дубалын улантсак анда жер шаарын он жолу тегерете курчаган дубал пайда болмок экен.

1984-жылы Улуу Кытай дубалдын кайра баштан реставрациялоо боюнча иш-аракет башталган. Аны Кытай мамлекети менен бирге чет элдик компаниялар, жеке ишкерлер каржылоодо. Баса, жакында эле Кытай бийлиги дубалдын узундугун кайра баштан өлчөп чыгуу боюнча чечим кабыл алышкан. Себеби, анын узундугу боюнча талаш-тартыш 500 жылдан бери токтобой келаткан эле. Эми дубалдын так узундугун тактоо болжол менен 2008-жылы аягына чыгат.

Айта кете турган нерсе, дал ушул Кытай дубалы түрдүү окуяларга бай. Мисалы, кээ бирөөлөр дубалда никелешүүнү кааласа, айрымдар сүйүүсүн ошол жерден билдиргилери келет. Ошондой эле маданий иш-чаралар да өткөрүлөт. Мисалы, жакында эле 4-мартта Кытай дубалынын Бадалин деген жердеги бөлү­мүндө Кытай барабан музыкаларынын фестивалы өткөрүлдү. Мындай маданий иш-чара Кытайдын барабан музыкасын жайылтуу максатында уюштурулган.Бирок, ушундай шаан-шөкөт, иш-чаралар дубалга терс таасирин тийгизет. Ушундан улам өткөн жылы Кытай өкмөтү ушул эле дубалга байланыштуу жаңы иш-чараларды кабыл алган. Ага ылайык, 2007-жылдын 1-декабрынан баштап туристтерге дубалдын дубалынан сувенир алганга, оюп жазганга, тамга түшүргөнгө тыюу салынат. Мындан сырткары, дубалдын үстүндө унаа колдонгонго жана шаан-шөкөт өткөзгөнгө да болбойт.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4