Улуу эпос

Википедия дан

"Улуу эпос" — кыска метраждуу илимий-популярдуу, түстүү документ фильм. 1962-ж. "Кыргызфильм" киностудиясы чыгарган. Бир бөлүктөн турат. Фильмдин сценарийинин автору М. Байжиев, кинорежиссёру Л. Турусбекова, кинооператору К. Кыдыралиев, үн оператору Т. Океев, композитору Т. Эрматов, художник коюучу С. Ишенов. Фильмдин негизги максаты "Манас" эпосун кеңири журтка пропагандалоо. "У. э." фильминде кино өнөрүнүн көркөм каражаттары чыгармачылык менен пайдаланылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4