Мазмунга өтүү

Ульяновск

Википедия — ачык энциклопедия
Шаар
Ульяновск
Желек Герб
Желек Герб
ӨлкөОрусия
Федерация субъектисиУльянов облусу
Координаттар54°19′ с. ш. 48°23′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү4 район
МэрБолдакин Александр Егорович
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1648-жыл
Мурунку аталышы1780-жылга чейин — орус. Синбирск 1924-жылга чейин —орус. Симбирск
Аянты316 км²
Борборунун бийиктиги~150 м
Климатынын түрүмелүүн континенталдуу
Убакыт аралыгыUTC+03:00
Калкы
Расмий тилиорус тили
Калкы612 516 адам (2025)
Жыштыгы1938,34 адам/км²
АгломерацияУльяновск-Димитровград агломерациясы
Улуттук курамыорустар — 81,9 %
татарлар — 9,3 %
чуваштар — 4,5 %
мордвдор — 0,8 %
украиндер — 0,6 %
башка улуттагылар — 2,9%
Диний курамыХристиандар, мусулмандар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+7 8422
Почта индекси432000
Почта индекстери432xxx
Автоунаа коду74, 174, 774
Сайтыhttp://www.ulmeria.ru  (орусча)
Ульяновск (Орусия)

Ульяновск (орус. Ульяновск) – Орусия Федерациясындагы шаар, Ульянов облусунун административдик борбору. 1924-жылган чейин Симбирск (орус. Симбирск) деп аталган.

Куйбышев суу сактагычындагы порт, Волга жана Свияга д-нын боюнда жайгашкан. Москвадан 890 км түштүк-чыгышта. Калкы 615,3 мин (2013). Т. ж. түйүнү. Машина куруу, металл иштетүү (заводдору: автомобиль, мотор, уникалдуу станокторду чыгаруучу, «Контактор» ж. б.), электр энергетика, курулуш материалдар, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖ, театрлар, музейлер (край таануу, сүрөт), Лениндин мемориал комплекси (шаар анын ысымынан аталган), жазуучу И. А. Гончаровдун тарыхый-мемориал музейи ж. б. бар. 1648-ж. Симбирск чеп катары негизделген, 17801924-ж. - Симбирск. У-де 1870-ж. 10 (22)-апрелде В. И. Ульянов (Ленин) туулган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4