Умберто Эко

Википедия дан

Эко Умберто (5. 1. 1932-ж. т., Италия, Александрия) - Италиялык жазуучу, адабий сынчы, окумуштуу-философ.

Турин университетинде орто кылымдардын философиясын жана адабиятын окуп, 1954-жылы Телекөрсөтүүдө, «Эспрессо» тинде иштеген. Милан, Флоренция, Турин университеттеринде эстетика жана маданият теориясынан сабак берген. Болонья университетинин профессору. Эко Умбертонун алгачкы «Розанын аты» (1980) романы постмодернисттик адабияттын лидери катары таанылган. «Фуко маятниги» (1988), «Жакынкы күндөрдөгү аралдар» (1994), «Баудолино» (2000), «Лоана канышанын сырдуу жалыны» (2004), «Прага көрүстөнү» (2010) аттуу романдардын автору. Эко Умберто адабият маселелерин изилдеген «Ачык чыгарма» (1962), «Жойстун поэтикасы» (1965), «Белги» (1971), «Семиотика теориясы» (1976), «Окурмаңдын ролу» (1979) ж.б. эмгектерин жарыялаган. Ошондой эле алар Европадагы адабият таануу илиминин этаптык чыгармаларынан болуп калды. Көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4