Умсунай

Википедия дан

Умсунай"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Валиханов жазып алган эпизоддо Аккуланын байгесин алып кеткен калмактардын артынан бармак болуп Манас Көкчөнүн аскерин, тулпарын сурайт. Көкчө бере албайм, кааласаң Агеркечти, У. сулууну, Үмөтайды алып кет дейт (Валиханов жазып алган эпизод, "Ала-Тоо", 1979 № 7, 93-б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4