Упанишаддар
Көрүнүш
Упанишаддар (санскрипт उपनिषद्, upa – жанында жана sacl – мугалимдин жанында отуруу) – Веданын бөлүмдөрүнүн бири, байыркы Индиядагы ведалык гимндерге диндик-философиялык комментарийлер.
Упанишаддар б. з. ч. 10 – 6 кылымга таандык. Ведалык кудайлар жана салт-санаалар, үрп-адаттар Упанишаддарда жаңы мазмун менен берилет. Упанишаддар алгач чындыкты таанып-билүү максатында мугалимдин жанында олтуруу дегенди билдирген. Кийин бул термин «жашыруун окууну» билдире баштаган: «Биз кимбиз?», «Биз кайдан келдик?». «Биз кайда баратабыз?»
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8