Уразматов Рашид Дурсунович

Википедия дан

Уразматов Рашид Дурсунович (25. 11. 1952ж. т., Фрунзе) - генерал-майор (1993). Ташкенттеги жалпы командалык окуу жайын (1973), M. В. Фрунзе атындагы аскер академиясын (1985), РФтин генералдык штабынын аскер академиясын (1999) бүтүргөн.

Афганстанда кызмат өтөгөн (1979-82). Мотоаткычтар полкунда взвод командири (1973-79), рота командири, штаб башчысы (1979), батальон командири (1980-82). Прикарпат аскер округунда мотоаткычтар дивизиясынын танк полкунда штаб башчысы, полктун командиринин орун басары, полктун командири (1985-92). КРдин коргоо иштери боюнча мамлекеттик к-тинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы (1992), КМШга мүчө мамлекеттердин аскер кызматташтыгын координациялоо боюнча штабында КРдин өкүлү жана штаб началыгагинин орун басары (1992-96), КРдин Коргоо министрлигинде иш башкармалыгынын башчысы, Башкы штабынын башчысынын орун басары (199697), КМШга мүчө мамлекеттердин аскер кызматташтыгын координациялоо боюнча штабында КРдин өкүлү жана штаб начальнигинин орун басары (1999-2001) болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4