Урбоэкология

Википедия дан

Урбоэкология - экологиянын шаардын экологиялык көйгөйлөрүн окуп үйрөтүүчү тармагы, жаңы илимий багыт.

Урбоэкология - өтө татаал тармак. Ал социалдык, биологиялык, географиялык, технологиялык, психологиялык ж. б. тармактарды камтыйт. Аны изилдөөдө адамзаттын, табигый чөйрөдө отурукташышы жана алардын айлана-чөйрө менен түз жана кыйыр байланыштары каралат. Айрым учурда шаар куруу жана шаар экологиясы терминдери менен бирдей мааниде колдонулат. У-нын негизги максаты шаар курууда айлана-чөйрөгө терс таасир этпөөчү чечимди кабыл алып, калктын гигиенасын сактап, белгиленген аймакта табиятты туура пайдаланууну жолго салат. Урбоэкология - жалпы экологияда кеңири таралган. Ал биосфера менен аймактын ортосундагы байланыштан келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Урбоэкология адамзат гигиенасы, география, айлана-чөйрөнү коргоо, жалпы экология ж. б. илимий багыттар менен тыгыз байланышта.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4