Ургулап чыңоо

Википедия дан

Ургулап чыңоо - пластикалык деформациянын натыйжасында металлдардын жана куймалардын структурасын жана касиетин өзгөртүү.

Ургулап чыңоодо ийилчээктиги жана сокмо илээшкектиги азаят, бирок катуулугу жана бекемдиги артат. Көбүнчө машина курууда тетиктерди беттик бекемдөө үчүн колдонулат. Ургулап чыңоонун 2 түрү бар: фазалык жана деформациялык. Деформациялык Ургулап чыңоо - тышкы деформациялык күчтөрдүн аракетинин натыйжасында ишке ашат. Фазалык Ургулап чыңоодо фазалык айлануу деформациянын булагы болуп кызмат кылат, анын натыйжасында баштапкы нерcеден салыштырма көлөмү менен айырмаланган жаңы фазалар түзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4