Мазмунга өтүү

Уретрит

Википедия дан
Эркектин заара-жыныс системасынын төмөнкү органдарынын схемалык көрүнүшү. Уретритте жабыркаган заара чыгаруучу канал стрелка менен көрсөтүлгөн.

Уретритзаара чыгуучу каналдын (өзөктүн) сезгениши.

Уретритке гонококк, трихомонада, вирус, стафилококк, стрептококк, пневмококк жана башкалар бактериялар түрткү болот; бул оору көбүнчө эркектерде көп кездешет. Уретрит негизинен жыныстык катнашууда гонококкту жуктуруп алганда пайда болот (Сүзөк).
Заара каналы травмага учураганда жана кан же лимфа менен микроб келгенде да уретрит болушу ыктымал.

Уретрит катуу кармаган жана өнөкөт болуп бөлүнөт.

  • Катуу кармаган уретритте микроб жуккандан кийин 3—5 күндүн аралыгында канал ачышып ооруп, саргыч түстөгү ириң агып, тез-тез заара ушаттырат, оору күчөй баштаганда дене ысып, температура 38—39°ка жетип, жалпы абалды начарлатат.

Катуу кармаган уретритти дарылабаса оору өнөкөт түрүнө өтөт. Бул учурда заара каналы кээде ачышса, кээде кычышат, бир аз ириң чыгып ич кийимди булгайт. Уретрит жугуштуу оору болгондуктан өз алдынча дарылануу жакшы натыйжа бербестен ар түрдүү кабылдоолорго туш кылышы мүмкүн. Туура дарылоону врач гана жүргүзө алат.

Уретритти жуктуруп албоо үчүн өздүк жана жыныс гигиена эрежелерин толук сактоо зарыл. Ошондой эле түрдүү сезгенүү жана жалпы инфекция ооруларын өз убагында дарылоо өтө маанилүү.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8