Уроо

Википедия дан

Уроо - тоо тектердин туруктуу абалы бузулуп, андан пайда болгон ар кыл өлчөмдөгү сыныктардын жана блоктордун жылышы.

Бул процесс тоо кен иштеринде жүрөт. Ага массивдин ар башка бөлүктөрү ортосундагы биригип туруу күчүнүн азайышы түрткү болот. Уроо массивди же анын кайсы бир бөлүгүн атайын жардырып кулатуудан; жабык тоо кен казмаларынын капталдарын түзгөн тоо тек катмарларынын жылышы жана оордук күчүнөн казманын төбөсүнүн (жабуусунун) чөгүшү; табигый факторлордун (суу, температура, үбөлөнүү) аракетинен; ар кандай жер титирөөнүн таасиринен да жүрөт. Жер астындагы тоо-кен иштеринде Уроодон сактануу үчүн комплекстүү иш-чаралар (казманын капталын жана үстүн бекемдөө, коргоо, ар кандай иш-чаралар ж. б.) жүргүзүлөт. Ачык жол менен кенди казып алууда Уроодон сактоо үчүн карьердин капталынын жана андагы тектирлердин бийиктигине, жантаюу бурчуна да көңүл бурулуп, жасалма жол менен бекемдөө сунушталат. Ошондой эле тоо тектердин түзүлүшү, физикалык-мех., физикалык-химиялык касиеттери да эске алынат. Айрым учурларда, тоо-кен иштеринде массивден тектерди бөлүп алууда У. процесси колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4