Усенов Сами
Көрүнүш
Усенов Сами 1932-жылы Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган.
- Көк-Арт айылындагы Кызыл-Октябрь төрт жылдык мектепти бүтүрөт.
- Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу окуусун улантпай, Көк-Арт айылындагы Кызыл Октябрь колхозунда жаштайынан эмгектенет.
- 1951-жылы колхоздор ирилешип Кызыл Октябрь колхозу Октябрь айылындагы “Красный Октябрь” колхозуна кошулганда, ошол колхоздо чабан болуп иштейт.
- 1963-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланат.
- Үзүрлүү эмгеги өкмөт тарабынан жогору бааланып, “Урал” мотоцикли, “Жигули” автомашинасы менен сыйланган.
- Көптөгөн орден, медалдардын ээси.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3