Уу балтыркан

Википедия дан
Cicuta virosa.

Уу балтыркан (лат. Cicuta, L. 1753) - өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу.

Тамыры жазында тегерек, күзүндө созуңку, сабагы көңдөй, бийиктиги 50-150 см болгон көп жылдык чөп. Жалбырактары узун саптуу, 2-3 ирет канатчадай тилкелүү, акыркы тилкелери 8 смге жетет. Гүл чатырчасы 10-25 майда чатырчага бөлүнөт. Мөмөсү - кырдуу, тегерек кутуча. Жер жүзүндө 20 түрү бар. Европа, Азияда, Моңголия, Кытай, Японияда кеңири таралган. Кыргызстанда бир түрү Ысык-Көл аймагында кездешет. Тамырындагы чайырдай ак зат өтө уулуу. Жашыл массасы да уулуу, анын 400 г жылкыны өлтүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4