Учма жылдыз

Википедия дан

Учма жылдыз - планета аралык мейкиндиктен Жер атмосферасына жогорку (орто эсеп менен 40 км/сек) ылдамдык менен киргенде атмосферанын жогорку катмарында күйүп, жаркырап от чыгаруучу космос телосу, метеор.

Ал атмосферага киргенде, адатта 130-180 км бийиктикте, температура 2000 -3000°Сге чейин ысып, атмосфера газдары иондошуп, метеордун сырты бат буулана баштайт. Натыйжада, метеор тулкуларынын көбү атмосферада толук бууланып жок болуп кетет, алардын эң чоңдору гана метеорит түрүндө жер бетине түшөт. Илгери кыргыздар учма жылдыз менен адамдын тагдырын байланыштырган, алар «ар бир жылдызга адамдын жаны болот, эгер жылдыз асмандан күйүп түшсө ал адамдын курман болгондугун билгизет» деп жоромолдошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2