Учтуу канат

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Учтуу канат (Capoetobrama kuschakewitschi), (Kessel) - Кыргызстандын аймагында балким жоголуп кеткен түрчө болушу ыктымал.

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшүнүн кыскача баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Анча чоң эмес (18 см чейин), жону саргыч-жашыл, капталдары күмүштөй жылтылдаган ак түстө. Курсак сүзгүчтөрүнүн ылдый жагында кабырчыгы жок. Арка сүзгүчүнүн биринчи укуругу узун, жылмакай тикенек түрүндө .

Жалпы жана өлкөдө таралышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Чүй дарыясынын Бишкек шаарына чейинки төмөн жагы .

Жашаган аймактары[оңдоо | булагын оңдоо]

Дарыялардын кумдуу тайыз жерлеринде жана майда таштуу, кумдуу булуң бурчтарында кездешет.

Саны[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстандын аймагында түрчө аз санда. Акыркы жылдары республиканын чегинде контролдук кармоого түшкөн эмес. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Урук чачуу мөөнөтү апрелдин аягынан июлдун аягына чейин созулат. Уругун дарыянын жай аккан түбү кум-таштуу жерлерине таштайт. Ургаачыларынын денесинин узундугу 10,5-13,6 см, салмагы 20-40 г болгондо уруктарынан саны 2400 дөн 8800 даанага жетет. Негизинен детриттер менен азыктанат, алар менен курттар, острокоддор, курт-кумурскалардын личинкалары, балырлар да кошо жутулуп кетет. Промыселдик мааниге ээ эмес .

Чектөөчү факторлор[оңдоо | булагын оңдоо]

Белгисиз, балким Ташаткөл суу сактагычынын плотинасынын курулушу, дарыя суусунун булганышы, акклиматизанттардын басымы (элеотрис, жылаанбаш жана башкалар) болушу ыктымал. Асыроо. Асыралган эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери[оңдоо | булагын оңдоо]

Коргоого алынган эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[оңдоо | булагын оңдоо]

Балык уулоону сүйүүчүлөргө тыюу салуу, сууларды булгануудан сактоо. Түрчөнүн санын жана сууларда таралышын, ошондой эле анын статусун тактоо зарыл.

Статусу[оңдоо | булагын оңдоо]

2 [CR: C]. Кыргызстандын аймагында балким жоголуп кеткен түрчө болушу ыктымал.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]