Учунуу

Википедия дан
Trypanosoma equiperdum.

Учунуу - сыңар туяктуу малдын (жылкы, эшек, качыр) чыбырткылуу жөнөкөй мителер пайда кылуучу жугуштуу ылаңы.

Ылаң козгогучу бир клеткалуу мите Trypanasoma equiperdum (узундугу 22 - 28 мк, туурасы 1,4-2,6 мк). Ал малдын жыныс органдарынын былжыр челинде өсүп, өрчүйт. Ылаң куут мезгилинде, ылаң козгогучу бар урук менен колдон уруктандырганда жугат (кулундарга сүт аркылуу да жугушу ыктымал). Малдын 30 - 50% ин өлүмгө учуратат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4