Уюм тууду

Википедия дан

Уюм тууду – кыргыздын улуттук оюну. Негизинен 2 же андан көп киши ойнойт. Ар бир оюнчунун жерде бештен уясы (чуңкуру), бирден казынасы (уядан чоңураак чуңкуру) болот. Ар бир уяга бештен эмек (коргол же тоголок таш) салынат. Оюнду баштаган адам өз уяларынын бирөөнөн эмектерди солдон оңго карай жүрөт (уяларга бирден салат).

Оюндун жүрүшүндө оюнчу эмектери алынган же жүрүлгөн өз уяларынын бирин «уй» деп атайт. Оюндун жүрүшүндө «уйга» төрт эмек чогулса, «ую тууган» болуп, төлү казынасына салынат. Уядагы эмектер түгөнүп, андан аркы бир уя бош болсо, ошондон аркы уядагы эмектерди алып казынага салат да, оюн кезеги кийинки оюнчуга берилет.

Эмек түгөнгөн уядан ары эки же андан көп чуңкур бош калса да, оюн кезеги башкага өтөт. Уюм туудунун жыйынтыгы уткан эмектердин санына жараша аныкталат. Уюм туудунун эрежеси, корголдордун саны жана башка жактары тогуз корголго окшоп кетет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]