У-шу

Википедия дан

У-шу (кытайча wu - аскердик, согуштук жана shu – искусство, техника) - чыгыш спортунун бир түрү.

Б. з. ч. 2-кылымда Кытайда пайда болгон.' Сегиз жаныбардын (жолборс, аюу, маймыл, турна, бугу, жылан, ажыдаар, ийнелик) стилине негизделген. Кытайда Тан жана Сун династиясынын тушунда жакшы өнүккөн. Ошол кезде жоокерлер, офицерлер, аскер башчылары жогорку чин алууда У-шуну өздөштүргөндүктөрүн көрсөтүп, текшерүүдөн өтүшкөн. У-шу системасы азыркы мезгилде 42 түргө бөлүнөт. У-шунун мазмунун мушташуу элементтерин же курал колдонуп душманга кол салуу жана андан коргонуу түзөт. Эмгекке, согуш ишине даярдоодон тышкары У-шунун философиялык жана тарбиялык мааниси зор. Эл аралык федерациясы 1990-ж. негизделген. 1990-жылдан Европалык, 1991-жылдан дүйнөлүк биринчилик өткөрүлөт. У-шу Кыргызстанда да өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4