Фазокомпенсатор

Википедия дан

Фазокомпенсаторчыңалуу менен токтун арасындагы фазалардын жылышуусун компенсациялоочу реактивдүү кубаттуулуктун булагы.

Фазокомпенсатордун жардамы менен тармактагы чыңалууну жөндөөгө, электр энергиянын пайдасыз сарпталышын азайтууга болот. Фазокомпенсатор жөндөлмө жана жөндөлбөс болуп айырмаланат. Жөндөлмө Фазокомпенсаторлор тармактагы реактивдүү кубаттуулуктун мүнөзүн сыйымдуулук же индукциялык өзгөртүү менен электр тизмегиндеги берилген жумуш режимин сактайт; алар түзүлүшү боюнча айланма (мисалы, синхрондуу компенсатор жана статикалык (кыймылсыз)) болот. Жөндөлбөс Фазокомпенсаторлор негизинен статикалык болуп, конденсаторлордон турат. Фазокомпенсаторлордун кайсы түрүн колдонуу тизмектеги электр жүктүн мүнөзүнө, өзгөрүү ылдамдыгына, диапазонуна, ошондой эле тизмектин жумуш режимине байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.