Фарадей саны
Фарадей саны - нерсенин электр-химиялык жана физикалык касиеттеринин катышын аныктоочу фундаменталдык физикалык чоңдук.
Авогадро туруктуулугу (Na) менен элементардык электр зарядынын (е) көбөйтүндүсүнө барабар: F=NAe= =96485,33 Кл-моль_1. Электролиз кубулушунун негизги закондорун ачкан М. Фарадейдин урматына аталган. Фарадей саны күмүштүн электр-химиялык эквивалентин өлчөөнүн негизинде аныкталган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4