Мазмунга өтүү

Фаренгейт 451

Википедия — ачык энциклопедия
Фаренгейт 451
ЖазуучуРэй Брэдбери
Нукура аталышыFahrenheit 451
СүрөтчүсүЖосеф Мугнайни[1]
Өлкөсү АКШ
Тилианглис
Жанрыдистопиялык романы
БасмаканаBallantine Books[2]
Чыккан жылы1953
Кыргызча чыккан жылы2021 (BuguPress)
ISBN978-9967-9343-2-0

Фаренгейт 451 (англ. Fahrenheit 451) — америкалык жазуучу Рэй Брэдберинин[3] 1953-жылы жарык көргөн дистопиялык романы. Бул анын эң мыкты чыгармаларынын бири болуп саналат. Романда Американын келечектеги коомчулугу тууралуу баяндалат. Анда китептерге тыюу салынып, эгер китептер табылып кала турган болсо аларды "өрт өчүргүчтөр" өрттөп салышат. Китептин урааны чыгарманын атылышын чечмелеп берет: "Фаренгейт 451 — бул китептин кагазы от алып күйө турган температура."

Роман өзгөчө идеяларды басмырлаш үчүн китеп өрттөөнүн тарыхый ролун чечмелегендердин темасына айланган. 1956-жыл үналгыда курган маегинде Брэдбери айткандай, ал "Фаренгейт 451" чыгармасын АКШдагы китеп өрттөө коркунучу жаралган маалга (Маккарти учурунда) карата өз мамилесин билдирүү максатында жазган. Кийинчерээк ал өз китебин "жалпыга маалымдоо каражаттарынын адабияттарды окууга болгон кызыгууну азайтып жатканы боюнча" бир комментарий деп сүрөттөгөн.

1954-жылы "Фаренгейт 451" Американын көркөм өнөр жана адабият академиясынын адабият жаатындагы сыйлыгын жана Калифорниянын көз карандысыз клубунун алтын медалын жеңип алган. Андан соң 1984-жылы "Прометей" сыйлыгынын "Даңк залы" наамын жана 1954-жылы "Хүгонун" "Ретро" сыйлыгын утуп алып, 2004-жылы "Хүгонун" "Эң мыкты роман" наамын алган төрт чыгарманын бири болуп калган. Брэдбери 1976-жылы жарык көргөн романдын аудиокитеби үчүн "Грэмминин" "Эң мыкты окулган сөз" номинациясына көрсөтүлгөн.

Романга ылайыкташтырып 1966-жылы Франсуа Трүффо тасма тарткан жана 1982-жылы Би-Би-Си үналгысы драмалаштырган. Брэдбери 1979-жылы сахналык спектакль версиясын басып чыгарып, 1984-жылы "Фаренгейт 451" аттуу компьютер оюнун жана "Өрттөөнүн ырахаты" аттуу аңгемелердин топтомун иштеп чыгууга жардам берген.

  1. Crider, Bill (Fall 1980). Laughlin, Charlotte; Lee, Billy C. (eds.). "Ray Bradbury's FAHRENHEIT 451". Paperback Quarterly. III (3): 22. ISBN 978-1-4344-0633-0.
  2. "Books Published Today". The New York Times: 19. October 19, 1953.
  3. Reid, Robin Anne (2000). Ray Bradbury: A Critical Companion. Critical Companions to Popular Contemporary Writers. Westport, CT: Greenwood Press. p. 53. ISBN 0-313-30901-9.