Мазмунга өтүү

Фарерликтер

Википедия дан

Фарерликтер (фар. Føroyingar [ˈføːrɪŋgar]) — скандинав эли. Фарер аралдарынын (Данияга караштуу) түпкү калкы.
Жалпы саны 70 миң адам.

Фарер тили герман тобуна кирет. Дания жана англис (айрыкча жаштардын арасында) тилдери да кеңири таралган.

Фарерликтердин көбү Дүйнөлүк лютеран федерациясына кирген Фарер элдик чиркөөнүн мүчөлөрү.

Фарерлерликтер норманндардын (Норвегиянын түштүк-батыш жээгинен чыккан) жана жарым жартылай Шетланд менен Оркней аралдардын кельт калкынын тукумдары. 1035-жылы аралдар Норвегиянын падышаларынын бийлигине өткөн. 14 — кылымдын аягынан Норвегия менен бирге Дания падышаларынын жогорку бийлиги астында. 1814-жылы Фарер аралдары Даниянын бийлигине толук өткөн. 1940-1945-жылдары Фарер аралдары британ оккупациясында болгон. 1948-жылы Фарер аралдары автономиялуу аймак статусун алган.
Генетикалык жана антропологиялык жактан норвегиялыктарга, исланддарга жана кельттерге жакын.

Чарбачылык иштер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Балыкчылык.
  • Киттерге аңчылык (гринда ж.б.).
  • Малчылык (кой, уй).
  • Дыйканчылык (дан тоют).
  • Флейастон (узундугу 3,5 м, эки жарым метрлик бутактын ортосунда жип тору менен) менен канаттууларды кармоо жана уялардан жумуртка чогултуу. Азыркы учурда улуттук спорт катары сакталууда.

Кой сыры, балык, койдун жана киттин эттери. Туз азыраак колдонулат.

Салттуу кийим

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эркектердики:

  • токулган свитер;
  • кара же көк камзол эки катар күмүш топчу жана тик турган жакасы менен;
  • кызыл жилет;
  • кыска, тизеден ылдый шым;

тизеден жогору кооздолгон байпак;

  • кара булгаары бут кийим;
  • эки мүйүздүү баш кийим.


Аялдардыкы:

  • көкүрөгүндө боолору бар токулган кофта;
  • горизонталдуу геометриялык же ботаникалык оймо-чиймелер менен узун алжапкычтар (узун юбкалардын үстүндө);
  • ийиндеринде жука жүн жолук, чоң күмүш топчу менен алдыңкы жагына бекитилген;
  • булгаарыдан тигилген жумшак, ичке тамандуу сары бут кийим.