Мазмунга өтүү

Фатимилер

Википедия дан

Фатимилер — араб халифтеринин династиясы (909-1171).

Өзүлөрүн Мухаммед пайгамбардын кызы Фатиманын тукумубуз дешкен. Фатимилер династиясы алгач Ифракияда (азыркы Тунис) шейит-исмаилилердин социалдык теңдик жана акыйкат орнотууну коздогон урааны менен Аглабилер династиясына каршы күрөшкөн берберлер бул өлкөнү өздөрүнө караткан соң орногон. Бирок алар тез эле кадимки феодалдык, башкаруучуларга айланып, 10-кылымдын ортосуна карай дээрлик бүткүл Түндүк Африканы, Сицилияны, 969-ж. Египетти караткан да, борборун Египетке которгон. 10-кылымдын аягында Фатимилер бийлигин Хижаз, Йемен, Сирия тааныган.

Фатимилер мамлекети феод, аскердик-теократиялык мамлекет болгон; анын халифи Исмаилилердин да имамы деп эсептелген. Мамлекеттин борбору 973-ж. Каир (921-жылга чейин Кайруан, андан соң Махдия) болгон. Өлкөнүн чарбачылыгында дыйканчылык басымдуулук кылып, болжол менен 11-кылымдын ортосуна чейин жерге мамлекеттик менчик чыңдалган. Мамлекеттин контролдугу менен кол өнөрчүлүк, ошондой эле тышкы соода өнүккөн. 11-кылымдын ортосунан Фатимилерге караган элдердин каршылыгынын, армияда баш ийбөөчүлүктүн күчөшү, башкаруучулардын ыркынын кетиши бул династиянын кулашына алып келип, 1048-ж. халифтиктен Түндүк Африка бөлүнүп кеткен; 1061-91-ж. Сицилияны норманндар басып алган. Сирияны кресттүүлөр менен селжуктар караткан. 1169-ж. Фатимилер халифтигинин вазири болуп дайындалган сириялык аскер начальниги Салах-ад-диндин 1171-ж. бийликти тартып алышы менен бул династия жашоосун токтоткон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.