Фацзя

Википедия дан

Фанцзя – (мыйзамчылар) Байыркы Кытайдагы идеялык агым. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү: Шан ян (б. з. ч. 4-к.), Хань Фей (б. з. ч. 233-ж.) ж. б. Фацзянын өкүлдөрү уруулук түзүлүшкө, коомдук-патриархалдык традицияларга каршы күрөшкөн. Цинь падышачылыгында бир катар реформаларды жаратуу менен бирге биринчи Кытай империясын (б. з. ч. 3-к-дын аягы) түзүүгө катышкан. Хань фей ж. б. Фанцзянын өкүлдөрү диний мистикага с ырым-жырымдарга каршы болушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Политология (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9