Фейербах жөнүндө тезистер

Википедия дан

Фейербах жөнүндө Тезистер,К. Маркстын 1845-жылы жазган 11 тезистен турган чыгармасы.

Ал жаңы көз караштын гениалдуу башталыш «түйүлдүгү» болгон. Маркс абдан кыскача жаңы философиянын жоболорун айткан. Борбордук идея-практиканы илимий түшүнүү. Бул милдет тарыхты материалисттик түшүнүүнү талап кылат. Ал боюнча: коомдук турмуш көбүнчө практикалык турмуш; адам өзүнүн эмгеги менен жаралган, ошондуктан ал өзүнүн маңызы боюнча бүткүл коомдук мамилелердин топтому; идеологиялык кубулуштар коомдун жашоо жана өнүгүү шарттарына көз каранды болот.

Ушундан улам Маркс кийинки «саясий экономияны сындоого карата «Кириш сөз» деген тезисинде «... коомдук болмуш аң сезимди аныктайт» деп ачык айткан. Ушул позицияда туруп, Фейербахтын жана утопиялык социалисттердин тарыхый идеализмин сындаган. Теория менен практиканын биримдигинен улам Маркс гнеосеологиянын проблемаларын жаңыча коет жана ага чейинки материализмди үстүртөн, сырттан гана байкоо жүргүзүүчүлүгү үчүн сындайт, тажрыйбалык иш-аракеттерди идеалисттик түшүнүүнүн бузук жактарын ачып көрсөтөт. Тезистер диалектикалык материализм философиясынын маңызын жана милдетин, анын коомдогу ордун жана ролун да аныктап негиздеген. Философия коомду түшүндүрүү менен эле чектелбестен, анын өзгөртүп кайра курууга да катышуусу керек.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]