Фейерверк

Википедия дан

Фейерверк (нем. Feuer - от жана Werk - иш, жумуш) - металл туздары бар пиротех. заттарды күйгүзгөндө абада пайда болгон кооз, түстүү оттор.

Фейерверк өнөрү б. з. ч. эле Кытай менен Индияда белгилүү болгон. Европада алгач Фейерверк Италияда даярдалган. Россияда биринчи Фейерверк 17-кылымда (1674, Устюг ш.) жагылган. Фейерверк жагууда тех. коопсуздук эрежелерин сактоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4