Фергана бүркөкчү

Википедия дан

Фергана бүркөкчү (Carabus (Pseudotribax) ferghanicus), (Breuning, 1933) - Фергана системасындагы тоо кыркалары үчүн эндемикалык, байыртадан калган (реликтүү) олиготиптик түркүмчөсүнүн эки түрүнүн бири . Генофондду сактоо жана зоогеография аспектилери боюнча илимий мааниге ээ.

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Узундугу 27–33 мм келген коңуз. Башы жоонураак, үстү жука бырыштуу келип, майда чекиттүү. Алдынкы аркасынын негизинин капталдары азыраак чуңкурайган. Үстүнкү канаты алдынкы аркадан бир аз жазы, орто жери жалпак жана көптөгөн, чоң, терең, бурчтуу чуңкурлары бар узунан кеткен издер менен капталган. Анча жылтырабайт толугу менен кара, жыныстык диморфизм начар өнүккөн.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрдүн ареалы толугу менен Кыргызстандын чегинде жайгашкан. Фергана тоо кыркаларынын түштүк-батыш бетин, түндүк бөлүгүн болжол менен Жалалабат шаарынан Карасуу көлүнө чейин камтыйт .

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Деңиз деңгээлинен 1200–2500 м бийиктик алкагындагы токой зонасындагы аскалардын алдында, эшилип түшкөн шагылдарында жана жаңгак токойлорунун, токой-шалбаа стацияларынын алкактарында кездешет. Жаңгак токойлорунан жогору алыстап кетишпейт, ошол жердеги ит мурундун калың өскөн жерлеринде кармалышат .

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өтө аз. Бир күндүк (10 км) маршруттук эсептөөлөөрдө 3–6 чейин коңуздар катталган. Ал эми кайра кайталанган эсептөөлөрдө натыйжа тескерисинче болгон . Мал көп жайылган жана токой материалдарын даярдаган жерлерде таптакыр кездешпейт . Популяцияда ургачыларына караганда эркектери бир аз көбүрөөк . ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Жетишерлик изилденген эмес. Жылына бир муун бериши ыктымал. Личинкалары жана имагосу жер үстүндө, багытталбаган жырткычтар. Коңуздун имагосу майдан августка чейин кездешет.

Чектөөчү факторлору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрдүн ареалы жаңгак токой массивдерин кеңейтип өстүрүүнүн жана пестициддерди пайдалануунун натыйжасында кыскарууда. Күчөтүлгөн мал жайыттарында, көпчүлүк токой материалдары даярдалган жана санитардык кыркуулар жүргүзүлгөн жерлерде түр кездешпейт . Обочолонгон айрым бир жерге таандык популяциялардын бири экинчисинин таасири менен суюлушу – имбридингдин натыйжасында тукумдун бузулушуна коркунуч туудурат. Коңуздар жана алардын личинкалары курт-кумурскалар менен тамактанган омурткалуу жаныбарлардын күнүмдүк азыгы .

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдо асыроо жүргүзүлгөн эмес. ==Уюштурулган коргоо аракеттери==Кыргызстанда азыркы убакта корголбойт.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Личинкаларынын тиричилик мүнөзүн жана фенологиясын аныктоо, ошондой эле байыртадан жердеген жалгыз биотобу – жаңгак-жемиш токойлорунун антропогендик өзгөрүүгө дуушар болгон жерлеринде кайрадан өстүрүүнүн эксперименталдык мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

II категория (VU B1ab(iii)+2ab(iii)c(iii,iv); C2b). Чарбачылык иштерди жүргүзгөн зоналарда бириндеп жашаган, кыска ареалдуу сейрек кездешүүчү түр , энтомофаг.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]