Мазмунга өтүү

Фернандино (эл)

Википедия дан

Фернандино, фернандинос, фернанддар, Фернандо-По креолдору — Экваториалдык Гвинеянын эли. Биоко (Фернандо-По) аралында жашайт.
Саны 6 миң адам (2004ж.).

ТИЛ

Крио тилинде сүйлөшөт. Крио тили америкалык англис тилинин негизинде түзүлгөн. Крио тилинде француз жана португал тилдүү пиджиндердин, ошондой эле жергиликтүү африка тилдердин элементтери бар.

ИШЕНИМДЕР

Ишенгендердин көбү католиктер. Протестанттар (евангелисттер, методисттер) азчылыкты түзөт.

КЕЛИП ЧЫГЫШЫ

19-кылымда Биоко аралында отурукташкан Ямайкадан бошотулган кулдардын, Либериядан жана Сьерра-Леонеден келген жумушчулардын, ошондой эле испан эркектери менен жергиликтүү (Биоко аралынын) аялдарынын байланышынан келип чыккан мулаттардын тукумдары.
Колониялык башкаруу мезгилинде жана көзкарандысыздык үчүн күрөш башталганда, көптөгөн фернадино саясий жана социалдык көйгөйлөрдөн алыс болуу үчүн Аннобонго, Канар аралдарына жана Испанияга отурукташкан.

КООМ

Фернандино элинин өкүлдөрү калктын бай катмарын түзүшөт жана өлкөнүн административдик аппаратында маанилүү ролду ойношот.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мельников И.А., Корочанцев В.А. Экваториалдык Гвинея. М. 2001