Физалис

Википедия дан

Физалис (Physalis) - өсүмдүктөрдүн ит жүзүмдөр тукумунун уруусу.

Бир же көп жылдык чөп. 100дөн ашык түрү, көбүнчө тропик жана субтропикте кездешет. Ф-тин бир нече жапайы, үч эгилме түрү (негизинен Түштүк Америкада, Мексикада, Австралияда жана Түштүк Африкада) бар. КМШ өлкөлөрүндө ошол эле түрлөр (Россиянын Европа бөлүгүндө) негизинен жашылча өсүмдүгү катары (мексика Физалиси жана кулпунай Физалиси) өстүрүлөт. Мөмөсү кулпунай даамдуу, жаңы түрүндө же маринад, икра, кондитер азыгы катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4