Физиологиялык эритме

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Физиологиялык эритмени куюуу

Физиологиялык эритме — туздардын составы жана осмос басымы боюнча кан сары суусуна жакын атайын эритме. Негизинен физиологияда тажрыйба жасаганда, клиникалык практикада канды көп жоготкондо, организм суусузданганда колдонулат. Кан ордуна куюлуучу суюктуктарга кирет.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8