Филдинг Генри

Википедия дан

Филдинг Генри (22. 4. 1707, Сомерсетшир, Гластонбериге жакын Шарпем-Парк - 8. 10. 1754, Лиссабон) - англис жазуучусу.

Англис агартуучул адабиятынын ири өкүлү. чыгармачылыгын акын («Маскарад», 1728), драматург («Дон Кихот Англияда», 1734; «Пасквин», 1736 ж. б.) катары баштаган. «Маркум Улуу Жонатан Уайльддын омүрү» (1743) романында Англиянын өкмөт башчыларын сындаган. «Жозеф Эндрус менен досу Абраам Адамстын окуяларынын баяны» (1742), «Таштанды бала Том Жонс баяны» (1749) романдары агартуучул реалисттик романдардын мыкты үлгүлөрүнөн. Ф-дин чыгармалары дүйнөлүк адабиятка, айрыкча Ч. Диккенс менен У. Теккерейдин сынчыл реализмине чоң таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]