Филэмбриогенез

Википедия дан

Филэмбриогенез (гр. phylon - уруу, embryon - түйүлдүк)организмдин жеке өөрчүсүнүн эволюциялык өзгөрүүсүнүн жолу. 1910-ж. А. Н. Северцов тарабынан сунушталган. Бул окуунун негизги жобосу болуп, филогенездик өзгөрүүгө карата онтогенездик өзгөрүүлөрдүн биринчилиги эсептелет. Ф. эволюциялык өзгөрүүсүнүн убактысы жана мүнөзү боюнча үчкө бөлүнөт: анаболия, девиация жана архаллаксис. Ф-де организм белгилеринин жана касиеттеринин татаалданышы да, ошондой эле тиричилигинин жана чөйрөсүнүн тийгизген таасиринин негизинде жөнөкөйлөнүшү да мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]