Финикия тили

Википедия дан

Финикия тили - финикиялыктардын тили.

Ал б. з. ч. 2-1-миң жылдык менен б. з. 1-миң жылдыгында Финикияга жана Жер Ортолук деңиздин жээктерине (Кипр, Сицилия, Сардиния, Массалия, Испания, Түштүк Африка) тараган.

Түндүк Африкада соңку финикия (пуни) тили б. з. 8-к-на чейин жашап келген. Финикиянын езүндө б. з. 2-кнда эле жоюлуп кеткен. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын ортосунда б. з. 2-к-на чейинки жазмалардан белгилүү. Финикия тили семит тилдеринин ханаан тобуна кирет. Библдик псевдоиероглиф жазуусун, кийинчерээк финикия жазуусун колдонгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9