Фирдоуси Абулкасым

Википедия дан

Фирдоуси Абулкасым фарсча: ابوالقاسم فردوسی توسی(940-ж. чен, Тус ш. - 1020 же 1030, ошол эле жер) – акын, иран жана тажик адабиятынын классиги.

Үйүнөн билим алып, фарс, араб тилдерин, тарыхын жакшы билген. Фирдоусинин жаш чагы Саманиддер мамлекети гүлдөп турган мезгилге туш келген. Анын бизге белгилүү чыгармасы - атактуу «Шахнаме» (994, башка редакциясы -1010). Ал - иран урууларынын төрт миң жылдык тарыхын (б. з. ч. 3223б. з. 651) камтыган көркөм энциклопедия. 60 миңге жакын бейттен турат.

Үч негизги тематикага бөлүнөт. 1-бөлүгү - мифологиялык багытта. Мында ажыдаар падыша Заххокко каршы темир уста Кава баштаган элдик көтөрүлүш негизги орунду ээлейт. 2-бөлүгү - Рүстөм жөнүндөгү баатырдык баян. 3-бөлүмүндө Сасаниддерден араб жапырыгына чейинки окуялар баяндалат. Эпопея арабдардын Иранды көз каранды кылышы менен аяктаса да, ирандыктар азаттыкка жетет деген ишенимдүү идеяны берет, элдин филос., гуманиеттик, патриоттук ойлорун чагылтат.

«Шахнаменин» чыгыш адабиятына, ошондой эле кыргыздын революцияга чейинки жазма акындарынын чыгармачылыгында таасири күчтүү болгон. Ал кеп тилге которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4