Фичино, Марсилио

Википедия дан
Фичино, Марсилио

Фичино, Марсилио (1433—1499) — италиялык гуманизмдин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, Кайра жаралуу доорундагы платонизмдин жолун жолдоочу.

Эмгектери тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Delle divine lettere del gran Marsilio Ficino, 1563

Анын сиңирген эмгеги — Платондун диалогдорун жана антик неоплатончулардын — Плотиндин, Ямвлихтин, Проклдун, Порфирийдин чыгармаларын латын тилине которгондугунда.
Өзүнүн «Христиан дини жөнүндө» жана «Платондук теология жандын өлбөстүгү жөнүндө» деген чыгармаларында дин менен философиянын өз ара катышы жөнүндөгү маселени антисхоластикалык позициядан чечет.

Бүткүл жалпы дин концепциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Андреа Феруччи, Марсилио Фичино бюсту, Санта Мария дель Фьоре, Флоренция

Фичино авторитардык схоластикадай эле дин менен философияны жакын деп тапкан, бирок, алар тең укуктуу эже-сиңдилер деп эсептеп, «бүткүлжалпы дин» деген концепцияны көтөрүп чыгат. Динди ал элдердин руханий турмушу чагылып көрүнө турган зарыл форма катарында караган.
Бүткүл жалпы дин концепциясы — бөлөк динге жол коюунун алгачкы формаларынын бири.

Кудай тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фичино Кудайды түпкү бир бүтүндүк катарында карап жана аны дүйнөдөн тышкары турат деп эсептеп, пантеизм позициясында турган. Анын пантеизми жаратылыш менен Кудайды толук окшоштурган натуралисттик пантеизм эмес, анын Кудайды, ал жаратылыштан тышкары турса да, жаратылышсыз жана адамсыз жашай албайт.
Фичино үчүн дүйнөлүк жан дүйнөлүк иерархиянын бардык звенолорун бириктирип, бардыгын кыймылга келтирип турат.
Фичинонун гуманчыл көз карашы анын адам жөнүндөгү окуусунда өзгөчө көрүнөт, ал адамды космостун борбордук звеносу катарында карайт. Адам дайыма өзүн өзү өркүндөтүп отуруп, Кудайга көтөрүлө алат деп эсептейт ал. Фичино адамдын эркиндикке умтулуусунун маанилүүлүгүн баса белгилеген.
Фичино Платондун духунда мамлекетти башкаруучулар философ болууга тийиш деп айткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

De triplici vita, 1560

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine