Флора

Википедия дан
Өсүмдүктөр‎.

Флора (лат. Flora-гүл менен жаздын кудайы) – мурунку геологиялык жана азыркы шартына байланыштуу белгилүү бир географиялык аймакта өскөн бардык өсүмдүк түрлөрүнүн жалпы тобу. Изилдөөчү аймактын көлөмүнө, физикалык-географиялык өзгөчөлүгүнө жараша ал жерде өскөн Ф-нын саны ар түрдүү болот, мисалы, чөлдө, жарым чөлдө Ф-лык курамы аз, боздоңдо көбүрөөк, шалбаада андан көп санда болот, б.а. шалбаада өсүмдүк түрү эң көп болот. Каракум, Кызылкум чөлдөрүнүн Ф-сы өтө аз санды түзөт, ал эми Кыргызстандын тоолорундагы капчыгай Ф-сы өтө бай, б.а. тоодогу шалбаада, токойдун ачык жеринде көп түрлөр өсөт. Ф-ны таануу максаты – түрлөр, уруулар жана тукумдардын курамын аныктоо. Ф-нын түрлөрү окшоштугу боюнча Ф-лык элементтерге бөлүнөт. А. а. географиялык элементтер – ар түрдүү географиялык аймактагы (Жерортолук деңиз жээгинде да, Тяньшань тоолорунда да) таралган бирдей түрлөрдү бириктирет. Аймактардын Ф-сын каттоонун, салыштырмалуу анализдөөнүн, окшош түрлөрдү тактоонун натыйжасы Ф-лык райондоштуруунун негизин түзөт.

Мисалы, Кыргызстанда Түндүк Тянь-Шань, Батыш Тянь-Шань, Алай жана башка Ф-лык райондору бар. Тигил же бул аймактын Ф-сын чагылдырган адабияттар “Өзбекстан флорасы”, “Казакстан флорасы”, “Таджикстан флорасы” жана башка “Кыргызстандын флорасы” деп аталып, 11 томдон турат, 4000 жакын түрдү мүнөздөйт. Мүнөздөмөдө адегенде тукумун, анан уруусун мүнөздөп, түрлөргө келгенде, аларды аныктоо таблицасы, анан ар бир түрдүн кыргызча, орусча, сөзсүз латынча аталышы, андан кийин түрдүн сырткы көрүнүшү, анан өскөн чөйрө-шарты, географиялык таралышы (ареалы) айыл-чарбадагы маанисин баяндалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]