Фобия

Википедия дан
Арахнофобия - Жөргөмүштөн коркуу фобиясы

Фобия – (грек. φόβος - грек. phobos – коркуу) – кандайдыр бир нерседен же абалдан катуу коркуу дегенди билдирет. Ар адамдын фобиясы ар түрдүү болот жана бирөөгө фобия болуп саналган нерсе башка бир адам үчүн фобия болбой калышы мүмкүн. Негизинен, фобия өтө көп түргө бөлүнөт. Адистердин айтуусунда, канча түрдүү мүнөз­дөгү адам болсо, ошончо түрдүү фобия болот. Башкача айтканда, фобиялардын түрү өтө көп жана ар бири өзүнчө аталышка ээ. Фобиянын ар бир аталышы өзүнчө термин катары каралгандыктан, фобиянын өзүнүн атайын сөздүгү түзүлгөн[1].

Фобиянын түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалпысынан алганда, фобия түрлөрү төмөндөгүдөй чоң категорияларга бөлүнөт:

  • Жаныбарлар фобиясы - Буга жаныбарлардын бардык түрлөрү жана курт-кумурскалар кирет.
  • Жаратылыш кубулуштарына байланыштуу фобия.
  • Оорукана фобиясы
  • Коомдук жайларга байланыштуу фобия- Бул фобия түрү көпүрө, тоннель, жабык мекеме, лифт сыяктуу коомдук жайларды өзүнө камтыйт.
  • Транспорт фобиясы
  • Арахнофобия – жөр­гө­­­мүштөн коркуу. Аялдардын элүү пайызы, эркектердин он пайызы жөргөмүштөрдөн аябай коркушат.
  • Коомдук фобия – коомго жана көпчүлүк элге жек көрүндү болуп калуудан коркуу. Буга көбүнчө ата-энеси ажы­­рашкан же ата-эне мээримин көр­бөй калган балдар кирет.
  • Аэрофобия – самолётко түшүү­дөн же учуудан коркуу.
  • Агорафобия – ачык жерлерден жа­­на жагымсыз кырдаал болуп кетиши мүмкүн болгон жерлерден коркуу.
  • (Жана башка ушул сыяктуу фобияларга бөлүнөт)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Федии: кыскача маалымат