Фокин Сергей

Википедия дан

Фокин Сергей (27. 7. 1961-ж. т., РФ, Ульяновск ш.) - спортчу (футбол). СССРдин эмгеги сиңирген спорт чебери (1989).

Бишкектин «Алга», АлмаАтанын «Кайрат» командасында ойноп, кийин ЦСКА командасына кабыл алынган. 1988-ж. Сеулда өткөн олимпиялык оюндарда СССРдин курама командасынын катарында ойноп, олимпиялык чемпион аталган. 1991-ж. СССРдин чемпиону жана СССР кубогунун ээси болгон. 1993-2000-ж. Германиянын «Айнтрахт» командасынын катарында ойногон. 2003-жылдан Брауншвейге шаарындагы «Фольксваген» автозаводунда иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4