Фон Нейман

Википедия дан

Фон Нейман, Джон Фон Нейман (28. 12. 1903, Будапешт - 8. 2. 1957, Вашингтон) - венгерамерикалык математик.

Ал кванттык физикага, кванттык логикага, функционалдык анализге, көптүктөр теориясына, информатикага, экономикага ж. б. илимдин тармагына салым кошкон. Айрыкча Фон Нейман заманбап комльютерлердин архитектурасын түзүүчү (Фон Нейман архитектурасы деген аталышта), кванттык механикага операторлор теориясын колдонуучу (Фон Нейман алгебрасы), ошондой эле клеткалык автоматтар үчүн концепция жана оюндар теориясын түзүүчү, Манхеттен долбооруна катышуучу катары белгилүү. Фон Нейман 6 жашында 8 орундуу сандар менен оозеки амал аткарып, атасы менен байыркы грек тилинде сүйлөшкөн. Ал 23 жашында математика илимдин доктору болгон (Будапешт).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4