Форталеза

Википедия дан

Форталеза - Бразилиянын түндүк-чыгышындагы шаар.

Сеара штатынын адм. борбору. 1612-ж. негизделип, 1726-жылдан шаар. Атлантика океанындагы орточо Калкы 2,6 млн (2010; агломерациясы менен 3,5 млн). Т. ж. бекети. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт.

Соода жана финансы-банк бизнеси өнүккөн. Кеме куруу, фармацевтика, нефть ажыратуу, тамак-аш, жеңил, текстиль, булгаары буюмдар, бут кийим өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк да жакшы жолго коюлган. ЖОЖдор, музейлер, театр бар. Мурисипе маягы, Форталеза собору, Ирасем статуясы сакталган. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4