Фортунатов Филипп Фёдорович
Көрүнүш
Фортунатов Филипп Фёдорович (1848-1914) - орус тилчиси, инди-европеист жана славист, Петербург ИАнын академиги (1898). Москва университетин бүткөн (1868).
- Москва университетинин профессору (1876-1902).
- Москва лингвистика мектебин негиздөөчү.
- Эмгектеринин кыйласында инди-европа тилдери изилденет.
- Магистрлик диссертациясында (1875) байыркы инди жазма дарегин изилдеп, тилдин ой жана коом менен байланышы жөнүндөгү оюн айтат.
- «Инди-европа тилдеринин салыштырма фонетикасынын кыска очерки» (1922) менен «Эски славян тилинин фонетикасы боюнча лекция» (1919) ж. б. эмгектеринде тилди система катары карайт.
- Ал Фердинанд де Соссюр менен бир убакта лингвистикалык изилдөө иштерин формалдаштыруу деп аталган окууга негиз салып, балтика жана славян тилдериндеги басымдын оошуу законун аныктаган (Фортунатов - де Соссюр закону).
- Сөз формаларынын теориясынын негизинде морфологиялык өзгөчө классификация түзгөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9