Фотогеологиялык методдор

Википедия дан

Фотогеологиялык методдор - аймактын геологиялык түзүлүшүн, руда талааларын изилдөө жана алардын карталарын түзүүдө ар түрдүү диапазондогу спектр же анын инфракызыл бөлүгү боюнча аты-радан, космостон жердин бетин сүрөткө тартуу; ал сүрөттөрдү атайын приборлордун жардамы менен дешифровкалоо.

Мында спектр нурларынын жардамы менен тартылган түстүү жана түссүз сүрөттөр пайдаланылат. Бул ыкма ар түрдүү тоо тектердин таралуу чегин ажыратууга, жаракаларды, дайкаларды, руда зоналарын бөлүүгө, интрузия фазаларын, алардын жайгашуу элементтерин так ажыратууга көмөк берет. Фотогеологиялык методдор көбүнчө түзөң жана орто бийик тоолуу аймактарда жакшы натыйжа берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.