Мазмунга өтүү

Фотосхема

Википедия дан

Фотосхема - жалпы контур боюнча сыйыштырылган жана бир негизге чапталган аэросүроттөр тобу.

Аймакты изилдөө жана картага түшүрүү үчүн керектелет. Фотосхемада сүрөттөр трансформацияланбастан жана масштабы сакталбай чапталгандыктан, аймактын план түрүндөгү так сүрөтү боло албайт.

Максатына карай Фотосхема: маршруттук (мис., дарыяны бойлой же жол салынып өтүүчү тилке боюнча), аянттык (токой массиви, курулуш түшүүчү участка ж. б.) жана топографиялык картанын тандалып алынган тилкесине дал келтирилген деп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4