Фото искусствосу

Википедия дан

Фото искусствосу — көркөм чыгармачылыктын бир түрү.

Ал турмуштагы көрүнүштөрдү фогпографияда чагылдыруунун ар кыл мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануудан улам өнүккөн. Фото искусствосу көркөм маданиятта бөтөнчө орунду ээлейт. Бул анын илимдин (физика, химия, оптика) жана техниканын жетишкендиктеринин негизинде келип чыгып, тарыхтагы тунгуч «техникалык» искусство болгондугу менен түшүндүрүлөт. 20-кылымдын ортосунда техникалык искусствонун кинематография, телекөрсөтүү, радио, дизайн сыяктуу жаңы түрлөрү пайда болуп, Фото искусствосу чыгармачылыктын өзүнчө тармагына айланган. Фото өнөрүнүн түрү катары документ Фото искусствосу (плакат, китеп жасалгалоо, реклама ж. б.) кенири өнүккөн. Сүрөтчүлөр өзүлөрү биринчилерден болуп фото сүрөттү фиксаждоочу жаңы «техникалык» каражаттарды пайдаланган. Фотографияны ойлоп табуучулардын бири Л. Ж. М. Дагер живопись чыгармаларын имитациялоо (б. а. тууроо) аркылуу бир нече фотогр. сүрөттөрдү чыгарган.

Живопись чыгармаларын имитациялоо 19-кылымда пикториализм багытынын жаралышына өбөлгө түзгөн. 19-кылымдын 2-жарымында натурадан тартылган фотографиялар турмуштук материалдарды таасын чагылдырып, ал репортаж фотографиянын өнүгүшүнө жол ачкан. Фотографиядагы илимий жана техникалык жаңы жетишкендиктер (фотоаппараттын жаңы түрлөрү, фотоматериалдардын фабрикада даярдалышы, адамды, нерсени кыймылдагы абалында кыска экспозицияда тартып алууга мүмкүндүк берүүчү затворлордун ойлонуп чыгарылышы ж. б.) Фото искусствосун жаңы багытка бурду.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]