Фохт, Фогт Карл
Appearance
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/6/64/Vogt1.jpg/200px-Vogt1.jpg)
Фохт, Фогт Карл (1817–1895) – Немис табияттаануучусу жана философу, вульгардык материализмдин өкүлү. 1848-ж. көтөрүлүштүн катышуучусу. Фохт табигый илимдердеги материализмди, дарвинчилик, атеистик ойлорду өркүндөтүп колдоо менен бирге материя менен аң-сезимди жакындаштырып бириктирүүгө аракет кылган. Фохт чыгармалары көптөгөн европалык тилдерге которулган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8